Садыков Улан Асанбекович, Арыкбаева Бубужан Камчыбековна жана Касымбеков Жаркынбек Орозбекович саламаттык сактоо министринин орун басарлары болуп дайындалышты.
Алар «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык дайындалышты. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.
Эске салсак, Саламаттыкты сактоо министринин орун басарлары болгон Рахматулаев Жалалидин Мамаюсупович, Бектурганов Улук-Бек Бектурсунович жана Ташиев Жапаркул Актаевич ээлеген кызматтарынан Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун чечими менен бошотулган.