Ѳзүнүн башканы теңине албаган, ѳзүн гана ашкере акылдуу, билимдүү эсептеген А.Мадумаров саясатта деле ошол. Оор мүнѳзүнѳн, кежир кыялынан улам чыныгы партиялаштарга, соратниктерге ээ боло албай келет. Анын шайлоолордогу партиялаштарынын жаңыланып, ѳзгѳрүлүп туруусу да ошондон. Анын саясаттагы кадамдарын, кѳз караштарын чындап колдогон эч ким болбойт. Шайлоодо тизмеге кирип, мандатка жетүү үчүн гана анын тегерегине чогула калышып, партиялаштар болуп чыга келишет. Анын партиясында жалгыз калганына Жогорку Кеңештин кечээги жыйынында дагы бир жолу ынандык. УКМК тѳрагасы К.Ташиев менен кайым айтышканда фракциялаштарынан бирѳѳсү да колдоп, жактап сѳз сүйлѳп койгонго жараган жок. Ооздоруна талкан салып алышкансып отуруп беришти. Бул эмнеден кабар берет? Сыягы, фракциялаштары да Мадумаровдун чектен чыгып, калыстыктан тайып, эл кѳзүнѳ опурулуп, жапырылып жатканын аңдашкан окшобойбу? Балким, бул А.Мадумаровдун партиясынын катарына аргасыздан позициясы жок, жүүнү бошторду топтоп алганынын жыйынтыгыдыр. Дегинкисинде, фракция мүчѳлѳрүнүн лидеринин таламын талашып, колдоо кѳрсѳтүп, дух, ишеним берип коюусу парламенттин табияты эле.