Печать
Категория: Коом
Просмотров: 134

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кечээ, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал чыгаары менен Баткенге жөнөп кеткен. Ал жактан жарадар болгон жоокерлерди Бишкекке алып кетишээрин билдирди. 

"Жоокерлердин абалын билүү үчүн президентибиз Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен келдик. Дарыгерлердин консилиумунан кийин аларды Бишкекке алып кетебиз. Чек арадагы абал тынч, кырдаал турукташты. Кооптонууга негиз жок", - деди Ташиев.