Печать
Категория: Коом
Просмотров: 222

Саясат талдоочу Ахунбай Кошоев Камчыбек Ташиев менен Адахан Мадумаровдун Жогорку Кеңештин жыйынындагы кайым айтышуусу тууралуу пикирин билдирди. 

"Дүйнөлүк практикадан көрүп атпайлыбы, айрым парламент жыйындарында массалык мушташуулар болуп кетет. Ага караганда биздики жакшы эле. Бирок кызматтагылар деле адам да. Сөөмөй кезесе эркек киши кандай кызматта турбасын, кыжырланат. Бул өтө жаман провокация. Кыргызда "кемикте да бар, керкиде да бар" деп коет. Керки провокация жасаган адам. Анда күнөө көбүрөөк болот. Ит куйрук кылып эле сөөмөй кезей берген туура эмес.

Экинчиден, мен Ташиевдин мүнөзүн жакшы билем. Ал ак көңүл, барбалаңдаган, эмоцияга тез берилет. Мадумаров туура эмес мамиле кылгандыктан ага жооп берип жиберди. Дипломатиялык жол менен, сарказм менен жооп берип койсо деле болот болчу...

Мадумаровдун да мүнөзүн билебиз. Менменсинип, "аны силер түшүнбөйсүңөр, мен акылдуу, мен баарын билем" дегендерден. Мен дей берген болбойт. Орустар "Я" — последняя буква алфавита" деп айтышат", - деди Кошоев.