Жалал-Абад шаарынын тургуну Кылыч Маматаев Адахан Мадумаров тууралуу пикирин билдирди.
Эске салсак, кечээ, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынына Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышкан. Анда Мадумаров УКМК төрагасына колун кесеп сүйлөп, бийликтин дарегине сын-пикирин айткан.
"Кыргызда бир жакшы сөз бар: "Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт" деген. Камчыбек Ташиевдин иштеп жатканын көбү көрө албайт да. Ал киши чоң трибунада Мадумаровдун аткезчиликке тиешеси бардыгын айтты. Ал чын болсо Мадумаров жоопкерчиликке тартылышы керек. Негизи, Мадумаровдун ар кайсы маселеге эле кийлигишип сүйлөгөнү ашыкча болуп кетип жатат. Мени эл шайлады деп эле кыйкыра берген болбойт", - деген тургун.