Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында курал колдонулган жаңжал болуп өткөнүн УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн Баткен районундагы Булак-Башы аймагында кыргызстандык чек арачылар коңшулардын аскер кызматкерлерин жолуктурушкан. Алар чек араны мыйзамсыз кесип өтүшүп, Кыргызстандын аймагына киришкен.
Кыргыз чек арачыларынын кыргыз аймагынан тез арада чыгып кетүү боюнча талабын аткарышпай, тажик аскерлери ок чыгарышкан. Эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда ок атышуу орун алган. Анын жүрүшүндө тажик чек арачылары миномет колдонушкан. Алдын ала алынган маалыматтарга караганда, кыргыз тарапта жабыркагандар жок. Кырдаалды турукташтыруу үчүн окуя болшгон жерге Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын жетекчиси жана Баткен чек ара отрядынын командири жөнөп кетишти.
"Телефон аркылуу сүйлөшүп, ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишкенибизге карабай, тажик тарап ок атууну токтото элек", - деп билдирди Чек ара кызматы.
Белгиленгендей, аталган кызмат кырдаалды курчутпоого бардык чараларды көрүп жатат.