Печать
Категория: Коом
Просмотров: 127

2008-жылы апрель айында Жогорку Кеңеште кыргыз-казак мамлекеттик чек арасы боюнча Келишим каралып, жыйынтыгында Каркыра жайлоосу кайкыган бойдон казактарга кеткен. Ага чейин Казакстанга Ысык-Көлдө төрт пансионат берилген. Мунун баары ошол кездеги парламент спикери Адахан Мадумаровдун жеке башкаруусу, көзөмөлү, жактоосу жана актоосунун алдында болгон. Ага төмөндөгү видео далил. 

Саясатчы Азимбек Бекназаров Адахан Мадумаровдун үч тарыхый документте, болгондо да кыргыздын жерин тарытып, коңшу өлкөнү аймактык жактан байыткан документтерде колу бардыгын айтып келет. 

"Ысык-Көлдүн жээгинде азыр төрт анклав бар. Казакстандын анклавы. 50 гектар жери бар. Аны Адахан Мадумаров Казакстанга, Нурсултан Назарбаевге мөөнөтсүз өткөрүп берген. Документте колу турат. Шеримкулов спикер болуп турган кезде бул документке кол койбой койгон. Кийин Адахан Мадумаров Данияр Үсөнов экөө шашылыш түрдө кезексиз жыйын аркылуу кабыл алышып, Казакстанга кармата беришти. Чек ара маселеси менен чогуу бир күндө карашкан. Ошону менен Ысык-Көлдө Казакстандын аймагы пайда болду. Бул үчүнчү документ, Мадумаровдун колу аркылуу коңшу өлкөгө дагы эки жер берилип кеткен. Эми жооп бергиле, Кыргызстандын бүтүндүгүн ким бузду?", - дейт Азимбек Бекназаров. 

Адахан Мадумаров Ысык-Көлдүн жээгинен Казакстанга жер берүүнүн себебин "ал жерде 4 жылдыздуу, 5 жылдыздуу пансионаттар курулса, кыргызстандыктар иштешет, жумушчу орун пайда болот" - деп түшүндүргөн. Кыргызстандыктар ансыз да Казакстанга мигрант болуп барып, казактардын колунда кара жумушта иштеп жүрүшөт. Ал аз келгенсип өз жеринде да казактарга жумушчу болушу керекпи?! Бул ошол кездеги депутат Ибрагим Жунусовдун күйгөндөн айткан кеби. 

Ал эми Каркыраны коңшу өлкөгө 49 жылга ижарага берилээри документте айтылган. Бирок Мадумаров өзү деле 49 жылдан кийин Каркыра кайтмак тургай, өзү да жок болуп калаарын эң жакшы билген. Аны Ибрагим Жунусов баш болгон бир нече депутаттар да айтышкан. Анткен менен чын дилинен элге-жерге күйгөн патриот болбосо, кызматтын кызыкчылыгы баарынан бийик турса, ата-бабадан калган жердин ыйыктыгын кайдан билмек эле. 

 Каркыранын Казакстанга кеткенине кайышпаган кыргыз болгон эмес. Ал бүгүн оппозициянын катарында болумуш этип, дагы бир өз кызыкчылыгын ишке ашыруу максатында бийликке сын айтуудан жадабаган Мадумаровдун жеке салымы менен кеткенинен балким коомчулук толук кандуу кабардар эмес. Каркыра менен Ысык-Көлдүн жээгиндеги 50 гектар жерди өзүнүн короосунан коңшусуна бөлүп бергенсип кармата салган Адахан Мадумаров келечек муун алдындагы айыбы ат көтөргүс экенин сезеби?