Печать
Категория: Коом
Просмотров: 102

Депутат Камила Талиева УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, эки министр тууралуу фактыларды берээрин билдирди. 

"Эки министр бар, өтө "эрке". Эркелесе эркелешсин, бирок өтө талтаңдабашсын. Менде алар тууралуу өтө көп маалымат бар, мен аны жеке өзүңүзгө жолугуп берейин деп атам. Алардын кылган иштери өлкөгө тескери таасирин берип жатат", - деди Талиева. 

Ошондой эле, депутат айрым кесиптештерине кайрылып, элдин кайсы бир маселесин чечүүнү ызы-чууга айлантып, коомчулукка жар салып, пиарга айлантпай эле коюусун суранды. 

"Биз деле иштеп жатабыз. Кандай маселе болбосун ызылдап, пиары жок эле тийиштүү органдар менен чечип берүүдөбүз. Дыйкандардан селитра маселеси боюнча кайрылуулар болгон, аны деле пиары жок эле чечип койдук. Дүйнөдө азыр кандай оор кырдаал болуп жатат: кризис, согуш. Ушундай убакта өлкөнүн коопсуздугун биринчи орунга коелу, пиарды токтотолу", - деди Камила Талиева.