Печать
Категория: Коом
Просмотров: 831

Жогорку Кеңештин жыйынына Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү катышып, жасалып жаткан иштер боюнча депутаттарга маалымат беришти. Буга чейин эл өкүлдөрү дыйкандарга көңүл бурулбай жатканы, Баткен облусундагы посттор жана башка маселелерди көтөрүшүп, Министрлер Кабинетин чакырып, маалымат угууну сунушташкан. 

Айрыкча, депутат Адахан Мадумаров Баткендеги көзөмөл пункттары тууралуу бир нече жолу айтып, ал жергиликтүү тургундардын кыймылына тоскоолдук жаратып жатканын белгилеген. Ал үчүн УКМКны айыптаган. 

"Бир жолу унчукпадык, эки жолу унчукпадык. Факты жок эле жеке саясий амбицияны бекемдөө үчүн айта бербегиле. Депутат Мадумаровго мен ачык айтып коеюн, сиз токтоп калбасаңыз, бизге дагы контрабанда менен ким алектенерин ачык айтууга туура келет. Кайсы жерде эмне кылганыңыз, кайсы контрабандачы сизге аш басып бергенин билебиз", - деди Ташиев. 

Камчыбек Ташиев сүйлөп жатканда Адахан Мадумаров регламентти сактабай сөз алып, жооп берүүгө аракет кылды. Ага Ташиев: "Тартипти сактаңыз. Маданиятыңыз барбы? Бар болсо тынч отура туруңуз", - деди. 

Спикер Талант Мамытов эреже боюнча биринчи маалыматты толук угуп, андан кийин гана депутаттар Министрлер Кабинетине суроо берээрин эске салды. 

Адахан Мадумаров фракция лидери катары 5 мүнөт сөз сүйлөөгө уруксат сурады эле, спикер аны добушка койду. Бирок Мадумаровду көпчүлүк кесиптештери колдогон жок. Мындан улам ачуусун УКМК төрагасынан чыгарып, өчүк микрофондун жанында кыйкырып, ич күптүсүн чыгарып алды. 

Ташиев Мадумаров мамлекеттик төңкөрүш даярдап жатканын, бул боюнча ыкчам маалымат алышканын билдирди. Айтымында, ал өзүнүн тууган-уругу менен биргеликте төңкөрүш жасоону пландаган. "Биринчи кезекте өлкөнү ойлоңуз", - деди Ташиев Мадумаровго.