Печать
Категория: Коом
Просмотров: 79

Жогорку Кеңеште Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү келип, жасалып жаткан иштер боюнча депутаттарга маалымат беришти. 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жүктөдү аткезчилик жол менен ташууга жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мыйзам долбоору даярдалып жатканын билдирди. 

"Азыркы мыйзам контрабандачыларды жоопкерчиликтен оңой кутулуп кетүүсүнө жол ачат. Факт болбосо айтпагыла. Биз силерге контрабандачылар жана башка маселелер боюнча маалымат берүүгө даярбыз. Контрабанда менен толук кандуу күрөшүүгө азыркы мыйзам жол бербейт. Аткезчилик менен ташылып бараткан жүктү кармаганыбызда, алып бараткандар бажыга айыппул төлөшөт, андан ары легалдашып калат. Контрабандачылар жоопкерчиликке тартылбаганы үчүн мыйзамсыз иштерин уланта беришет. Ошондуктан азыр биз мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп, контрабандачылардын транспортторун алып коюуну сунуштап жатабыз", - деди Камчыбек Ташиев.