Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөгө мамлекет заманбап даараткана куруп бериши керектигин айтты.
"Республикалык бюджеттин эсебинен ар бир үйгө заманбап даараткана курулса бул адамдардын жашоо деңгээлин көтөрөт. Көпчүлүк элибиз чоң ата-чоң энелерибиз барган даараткананы колдонушат. Маданиятты өнүктүрүүгө багытталган программа керек, анын негизинде мамлекет ар бир үйдүн ичине заманбап даараткана курушу керек", - деди ал.
Айтымында, аны жарандын турак-жайына карап үч түргө бөлсө болот. Ага кеткен каражатты мамлекет көтөрүп, а жаран 10,15 же 20 жылда төлөп бүтүшү керек.
"Бул дааратканасы сыртта жайгашкан мектептерге да тийиштүү", - деди Малиев.