Печать
Категория: Коом
Просмотров: 138

Министрлер Кабинетинин Ысык-Көлдүн жээгинде  казино ачуу жөнүндө мыйзам долбоору  жакынкы убакытта  Жогорку Кеңеште каралганы жатат. Мыйзам долбооруна ылайык,  ал казинолор жабык түрдө болот, ага чет элдик жарандар гана киргизилет. Өкмөт андан түшкөн кирешелер аркылуу бюджеттин жыртык-тешиктерин бүтөгүсү келүүдө. Бул демилге  коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратып, Дастан Бекешов баштаган депутаттар караманча каршы чыгышууда.

Бул маселе жөнүндө өз оюмду айтсам, казинолор дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө бар. Анын эң өнүккөн жери - АКШ. Алсак, курорттук борборлордун бири болгон Лас-Вегастын өзүндөгү казинолордон эле жыл сайын ондогон миллиарддаган доллар киреше түшөт. Ал туризмдин, эс алуунун, тейлөөнүн  өзүнчө индустриясына айланган. Анын аркасы менен туризм, мейманканалык ресторандык тейлөө, көңүл ачуу, байланыш тармактары ж.б. да дүркүрөп өнүгүүдө. Бирок, андан Американын жарандарынын баары кумарпоз болуп кеткен жок. Кумарпоз болуу үчүн ири суммада каражаттар керек, аны менен күркүлдөр, эл аралык деңгээлдеги аферисттер, анан өмүрлөрүн ага арнаган  кесипкөйлөр гана алектенишет. Алар Кыргызстанда казино болбосо деле башка жерлерге барып ойной беришет.

Азыр көчөлөрдөгү күркөлөрдө, дүкөндөрдө, кафе-ресторандарда арак-шараптар тизилип турат. Бирок, кудайга шүгүр, андан улам эле элдин баары ичип кеткен жок. Тескерисинче, арак- шараптарды саткан дүкөндөр, тейлөө түйүндөрү көбөйгөн сайын акырындап ичкендер азайып баратканын эч ким танбайт болуш керек. Мурда сөөк чыгарган жерлерде да арак-шараптар суудай ичилип, мастыктан өлүктөр убагында жерге берилбей калган учурлар катталып келсе, андай көрүнүштөр  жок болду. Кыргызстандын кайсыл жеринде болбосун суук мааракелерде ашыкча чыгымдар да азайып бара жатат.

Кыргызстанда сойкулук кызмат жөнүндө укук-ченемдик норма жок. Бирок, жашыруун сойкулук кызмат көрсөтүү  жылдан жылга көбөйүп баратканы, көп кабаттуу үйлөрдөгү чакан габариттеги батирлердин сезилерлик бөлүгү ошол максатта пайдаланылып жатканы чындык.

“Боёкчу, боёкчу десе...” дегендей, реалдуу жагдайды эске алып, аны менен эсептешпестен, анын үстүнө дүйнөлүк экинчи согуштагыдан кийинкидей оор каатчылык жакындап келаткан мезгилде, ашкере адалсынып, саксынып, ар жерлерден илинип-чолунуп алынган абстракттуу гуманисттик идеялар менен элдин башын айландыра берген туура эмес. Ичеби-ичпейби, жашыруун борделдерге барабы-барбайбы, кумар ойнойбу-ойнобойбу, ал  ар бир адамдын  жеке өзүнө, каржылык мүмкүнчүлүктөрүнө гана жараша болот. Казино жөнүндө мыйзам кабыл алынбаса эле кумарпоздук биротоло тыйылып, токтоп калбайт. Ага кызыккандар чет өлкөлөргө барып, ага мүмкүнчүлүктөрү жетпегендер ар жерлерге бекинип алып деле ойной беришет. Андан көрө, эгерде аларга Кыргызстандын жарандары киргизилбей турганы чын  болсо, Министрлер кабинетинин мыйзам долбоорун колдоп, аны ишке ашырганга жардам берүү керек. Ал биринчиден, туризмди, курорттук аймактын инфра түзүмдөрүн өнүктүргөнгө чоң түрткү берсе, экинчиден, бюджетке кошумча да болот. Ысык-Көлдүн бир бурчу да Лас-Вегастай дүйнөлүк казино борборуна айланып, Тамчыга туш тараптан чартердик  авиалайнерлер  конуп-учуп, казынабызга шыгыраган жашылбайлар түшүп турса кана! Анын эмнеси жаман?!  Ал эми чет элдик күркүлдөр, аферисттер, “кесипкөйлөр”  ж.б. ал жерге келип, оройураак болсо кечирип коюңуздар, кумар ойношмок  түгүл, ичишип-чычышып,  бири-бирин тоноп жатканы менен биздин кандай жумушубуз бар?  “Өгүз да болсо сүт берсе болду “ дегендей, бизге алар накталай акчаларын калтырышса гана болду. Чоң бизнесте “таза” акча болбойт, алар бири-бирин алдаганга, тоногонго гана негизделген. Бирок, орустар айткандай, акча  “таза” болбосо деле эч кимди жипкиринтпейт, жыттанбайт.

Булак: “Майдан. kg” гезити