"Жумуштан ыдык көргөзгөндөргө каршы турса, жумуштан айдап жиберишиптир кыздарды! Кыздардын укугун ким коргойт? Каякка кайрылышы керек?" - мына ушул суроолор менен блогер Назира Айтбекова өзүнө келген каттарды жарыялады.
Каттарда жумушта жетекчиликтен сексуалдык ыдык көргөн кыздардын баяны айтылган.
Буга чейин Назира Айтбекова кичине чагында сексуалдык ыдыкка туш болгон кыздардын окуясын жарыялаган болчу. Анын катарында өзү да бардыгын айтып чыккан.

