Печать
Категория: Коом
Просмотров: 265

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлшаркан Култаева турак-жай кооперативдерине байланышкан маселе көтөрдү. 

"Акыркы жылдары турак-жай кооперативдери көбөйгөн. Алардын шарты - кыймылсыз мүлк алгысы келгендер ошол мүлктүн жалпы наркынын кеминде 30 пайызын депозитке салышы керек. Бул оңой эмес сумма. Ошону менен кооперативдерге ишенип, миллиондогон акчаларын депозитке салып койгондор бүгүнкү күнү же акчасын кайтара албай же үйлүү боло албай отурушат. Кооперативге кайрылгандардан азыраак бөлүгү үйлүү болушкан. Бирок алар үйдүн толук наркын төлөй электе эле турак-жай кооперативи жеке менчик кылып каттоодон өткөрүп беришкен. Бул биринчи кезекте КР жарандык кодексинин "менчик укугуна ээ болуу" беренесин бузуп жатат", - деди депутат. 

Ошондой эле, ал турак-жай кооперативи акысын толук төлөп бүтө электе каттоодон өткөрүп койгон үйлөрдү кайра балансына алып, сатып, сатуудан түшкөн каражатты депозитке акча салган жарандарга кайтарып бериши керек деп эсептейт. 

"Миңдеген жарандардын укугун коргоо жана салган акчасын кайтарып берүү багытында протоколдук тапшырма берип койсоңуз", - деп парламент спикерине кайрылды. 

Белгилей кетсек, акыркы учурда Ихсан турак-жай кооперативи тууралуу терс пикирлер жарала баштаган.