Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев Балдарды коргоо күнүн эс алуу күнүнө айлантуу сунушун жолдоду.
Ал Министрлер Кабинетине кайрылып: "1-июнду эс алуу күнү кылуу керек. Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү зарыл. Эгер Министрлер Кабинети макул болсо, мен мыйзам долбоорун даярдайм", - деди.
Депутаттын бул сунушу 1-июнь окуу күнүнө айланып калганынан улам болууда. 2021-жылы окуу жылына өзгөртүү киргизилип, окуу жылы 15-сентябрдан башталып, 9-июнда аяктай турган болгон. Мындан улам бул жылы Балдарды коргоо күнүндө балдар мектепте болушту.
Ошондой эле, Бекешев ата-энесиз балдарды багып алууга болгон талап катаалдыгын белгиледи.
“Аларды балдар үйүндө тарбиялагандан көрө, үй-бүлөлүк шартта өстүрүү маанилүү. Андыктан талаптарды жеңилдетүү мүмкүнчүлүктөрүн караштыруу кажет”, – деди.