Сатып алуучулар кумшекердин баасынын көтөрүлүшүн варенье кайнатуу маалы жана аны шылтоолоп кызыл кулак сатуучулардын бааны атайын көтөрүп алгандыгына байланыштырышууда.
Мындан улам Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Бишкектин дүкөндөрүндө кумшекердин убактылуу жетишсиздигине жана анын баасынын жогорулашына байланыштуу “Кайыңды-Кант” заводунда болду. Маалым болгондой, заводду чийки зат менен камсыздоого байланышкан маселелерден улам өндүрүш бир нече күнгө токтоп турган. Республикага кант камышынын сырьёсун жеткирүү азыртадан эле башталды. Учурда завод ишин жандантты, ишкана өлкөнүн соода тармактарына суткасына 550 тонна кумшекер жөнөтөт.
Буга чейин рынокту кант менен толтуруу жана ата мекендик заводдордун өндүрүштүк кубаттуулуктарын пайдалануу максатында Министрлер кабинети (МК) республикага 105 миң тонна бажы алымсыз кумшекерди жана чийки кантты жеткирүүгө квота бөлүү маселесин иштеп чыккан. Айыл чарба министрлиги квотаны төмөнкүдөй бөлүштүрдү: 49 миң тонна чийки кант жеткирүү ата мекендик кант заводдоруна бөлүнгөн. Чийки зат Бразилиядан кымбат баада сатылып алынгандыктан сатуу баасына таасирин тийгизди. Калган көлөмү Мамлекеттик материалдык резервдер фонду менен жеке ишканалардын ортосунда бөлүштүрүлөт. Жеткирип берүү боюнча келишимдер түзүлөт. Кумшекер республикага келет.
Экономика жана соода министрлигинин алдындагы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаковдун айтымында, кант заводдору менен ири соода түйүндөрүнүн ортосунда кумшекерди сатуу боюнча келишим түзүлдү. Ага ылайык акция менен бир кишиге суткасына жеңилдетилген чекене баада 1 кг кумшекер 79 сомдон сатылат. Ал эми 1 кг ашык сатып алууга 85 сомдон баа коюлган.
Эгер өзүбүз көбүрөөк кант кызылчасын эксек, кантка болгон ички керектөөбүздүн жок дегенде бир бөлүгүн камсыздап, элге да, экономикага да бир топ салым болмок.
Булак: “Майдан. kg” гезити