Печать
Категория: Коом
Просмотров: 227

Акыркы айларда КР Саламаттык сактоо министрлиги ич ара ызы-чуу менен интриганын ордосуна айланып калды. Министр Алымкадыр Бейшеналиев өзүн-өзү коррупцияга каршы күрөшкөн реформатор катары көргөзгүсү келсе, анын орун басарлары менен бир нече медициналык мекемелердин белгилүү жетекчи-докторлору “бир борборду жаап салып, экинчисине кошуп коюу реформа эмес, бул талкалоо...”,- дешүүдө.

Жакында, министр Европага көп күнгө командировкага кеткенде үч орун басары журналисттерди чогултуп алып, Алымкадырдын жеке жүрүм-турумунан тартып, мыйзам, этиканы сактабагандыгына чейин айтып беришти.

Министрдин мурдагы орун басары, Фтизиатрия борборунун жетекчиси Мадамин Каратаев: “Моралдык-психологиялык климат борбордук аппаратта өтө начар болуп кетти. Мамлекеттин саламаттык сактоо тармагына жооп берген мекемесинде ушундай болсо, анын таасири жер-жерлерге дагы тийбей койбойт. Экинчиден, министрдин сөзү дал келбей калган учурлар болду. Казакстандан 500 миң доза вакцина келет деди эле, жарым сааттан кийин ал жактын премьер-министри эмне деп жооп берди? Мар Байжиев тууралуу айтканында дагы ошондой болгон. Министр жалган маалыматты айта турган болсо, кандай болот? Ал оорукананы буга бириктирип коюу - реформа эмес. Бейтаптар бекер, сапаттуу жана жеткиликтүү дарыланып, ыраазы болгондо анан реформа ишке ашты деп айтылат”,- деген эле.

Ал эми учурдагы орун басары Улук-Бек Бектурганов: “Бул тууралуу эч кимге, жубайыма дагы айта элек болчумун. Жума күнү Жапаркул Ташиевге айткам. Менин орун басар болуп келгениме бир жылдан ашты. Алымкадыр Бейшеналиевден “койнуңдагы келинчегиңди инилериме салып берип коем” деген сөз болгон. Коркуткан деле жок, телефондун добушун чыгарып алып, ошол жерде кабинетинде катчысы, башка кишилер дагы болгон. Диктофонго жаздырып калган эмесмин. Ал жердеги кишилер деле муну айтып беришет, уяты болсо. Мен үй-бүлөмдү өзүм коргоп алам, ошондуктан эч жакка кайрылган жокмун”,- деп оозду ачырды.

Баса, министр ошол Европага кетип жатканда 29 жаштагы кеңешчиси Мээрим Тилекова пара алууга шектелип кармалып, кийин үй камагына чыгарылды. Ошол учурда министр менен дал ушул кеңешчисинин чогуу сейилдеген, сүрөткө түшкөн учурлары соц. тармактарга тарап, жеке мамилелери тууралуу айтылууда...

Ушу тапта Алымкадыр мырза орун басарларынан өч алуу “реформасын” баштады. Брифингде ага каршы үч бөлүм башчыны келер замат кетирген. Бирок, биздин маалыматка караганда, күпүлдөгөн менен, министрдин өзүнүн абалы “чатак”. Кызматтан кантип түшкөнүн жакын арада өзү сезбей калышы мүмкүн.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити