1-июлдан тарта Кыргызстандын аймагына сергитүүчү алкоголсуз суусундуктарды (энергетикалык) өндүрүү жана ташып келүүдө акциздик салык салынат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Министрлер кабинетинин 22-февралдагы токтому боюнча ар бир 1 литрге 10 сом салык төлөнөт.
Мыйзамга ылайык, организмине сергитүү таасирин камсыз кылган кофеин жана башка сергитүүчү кошулмаларды камтыган алкоголсуз ичимдиктер энергетикалык суусундук катары саналат. Бул суусундуктар 18 жаштан жогоркуларга гана сатылышы керек.