Бишкек, “Саясат.kg”. 29-ноябрь күнү кечки саат 10 дор чамасында Талас боюнча "Азаттык" үналгысынын кабарчысы Мирбек Айтикеевди арак ичип жаткан 5 бала жабыла сабап кетишкендигин журналисттин агасы Адилет Айтикеев билдирди. Учурда Мирбек башынан жаракат алып, оор абалда Талас шаарындагы травматология бөлүмүндө жаткандыгын белгилүү болду.  
 

Аны сабап жатканда жетип келишкен 3 милиция кызматкерлери эч кандай чара колдонбостон карап турушкан.