Маалыматка караганда, «S.K.G.A.» ЖЧКга тиешелүү «Diamond DA 42М-NG» жеңил моторлуу учак 2017-жылдан баштап өлкөнүн аймагында жайгашкандыгы белгиленген.
Бажы органдарынын Бирдиктүү автоматташытырылган маалыматтык системасынын борбордук маалыматтык базасында 2022-жылдын 31-мартынан тарта абалы боюнча учакка бажылык тариздөө жүргүзүү жөнүндө маалымат жок. Башкача айтканда, учак бажы жагынан таризделген эмес. Буга байланыштуу, «S.K.G.A.» ЖЧКнын иш-аракетинде иш-аракетсиздигинде ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын бузуу белгилери каралат.
Учак үчүн «Убактылуу ташып кирүү» бажы жол-жобосу боюнча тийиштүү бажы төлөмдөрүнүн суммасы 5 млн 475 миң 810 сомду түзгөн жана «Ички керектөө үчүн чыгаруу» бажы жол-жобосу боюнча 8 млн 237 миң 128 сомду түзгөн.
Бул факт КБР АМС МЭЖге катталган, материалдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык баа берүү үчүн ведомстволугуна караштуулугу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына берилген.
Булак: bulak.kg