Печать
Категория: Коом
Просмотров: 145

Сузак районундагы Барпы, Атабеков, Сузак айыл аймактарында май айынын башында катуу жааган жаандан улам сел жүргөн. Табият кырсыгы кээ бир үйлөрдү жараксыз абалга кептеген. Аны кайрадан куруп чыгуудан башка арга жок. Андан тышкары короолорун суу алган, көчөлөр бузулган. Жергиликтүү тургандар кайрадан үй курууга мамлекет жардам бербесе, өздөрүнүн дарамети жетпей турганын билдиришкен. 

30-майда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев окуя болгон жерге барды. Ал мамлекет тарабынан табият кырсыгынын кесепетинен үй-жайсыз калган же үй-жайы оңдоого муктаж болгон тургундарга каражат бөлүнгөнүн билдирди. 

"Каражат президентибиз Садыр Жапаровдун түз көрсөтмөсү менен бөлүндү. Мен каражат берүү маселесинин үстүндө аракеттенип, убагында сиздерге келе алган жокмун. Азыр эми акча Финансы министрлигинен которулду. Каражат жарандардын тарткан материалдык чыгымдарынын негизинде берилет. Мисалы, 45 адамга бир миллион сомдон бөлүнөт, анткени, алар үй-жайын кайрадан курууга аргасыз. 73 адамга 100 миң сомдон берилет, алар үй-жайын оңдоп-түзөө иштеринен өткөрүшөт. Дагы 40 адамдын короо-жайын сел каптаган, аны калыбына келтирүүгө 50 миң сомдон бөлүндү", - деди Камчыбек Ташиев. 

Ал белгилегендей, бир миллион жана 100 миң сомдон алчу жарандар банктан эсеп ачууга тийиш. Каражат ошол эсепке которулат. Ал эми 50 миң сом жарандардын колуна накталай берилет.