Печать
Категория: Коом
Просмотров: 85

- Абдрахман агай, президент “Улуттук нарк жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бул жарлык улутубуздун улуулугун даңазалап, уңгубузду табышыбызга салым кошобу?

- Бул Жарлык бери дегенде 25 жылга кечикти. Эгер Аскар Акаев өз ишмердигин улуу кыргыз элинин нарк-насилин, каада-салттарын, үрп-адаттарын ыйык сактоого өзгөчө көңүл буруп баштаганда, биз өз тарыхын билип, келечегине кең жол салган, нарктуу, барктуу өлкөдө жашамакбыз. Жаңы муундагы жетекчилер коррупциядан алыс болуп, ар-намысты туу тутуп, элибиздин жаркын келечеги, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн гана иштешмек. Азыркы Президентибиздин Улуттук наркка өзгөчө көңүл бөлгөнү жүрөк кубантаарлык, маанилүү  маселе. Улуттук идеологиябыздын өзөгү ушул жерде. Албетте, коом тазаланат, унутулуп бара жаткан ыйык салттарыбызды кайра жандандырып, ар-намысты туу тутуп, элибиздин ынтымагын бекемдеп, башкалар суктангандай гүлдөп-өскөн мамлекет курабыз деп ишенип туралы.

Булак: “Майдан. kg” гезити