Печать
Категория: Коом
Просмотров: 40

Путин чокусуна илинген Украинанын желеги алынып, Кыргызстандын желеги коюлду.

Маалыматтарга караганда, 26-майда Кыргызстандын альпинизм федерациясынын өкүлдөрү чокуга чыгып, желектерди алмаштырган.

Кыргызстандагы Путин чокусуна Украинанын желеги илингени тууралуу буга чейин социалдык тармакта видео тараган. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Ал эми ал видеону тарткан альпинистер милицияга суракка чакырылган.

Белгилей кетсек, Путин чокусу Ак-Суу капчыгайында жайгашкан. Бийиктиги 4446 метрди түзөт.

2011-жылы чокунун аталышы Орусиянын президенти  Владимир Путиндин урматына коюлган.

Булак: maralfm.kg