Печать
Категория: Коом
Просмотров: 39

 Бул тууралуу муфтияттан билдиришти. Маалыматка ылайык, Москва-Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мечит бир айдын ичинде бузулат, мындай чечим бир-эки күн мурун кабыл алынган.

"Биз эски мечиттин ордуна сыйымдуулугу көп жаңысын салабыз. Эски мечит 5 миң адамга ылайыкталган, жаңысы 10 миң кишилик болот. Андан тышкары, шаардагы унаалардын көптүгүн эске алып, жер астындагы унаа токтотуучу жай да каралмакчы", - деп билдиришти муфтияттын басма сөз кызматынан.

Учурда имараттын долбоору иштелип жатат, имараттын дубалдарына кыргыз колоритин, башкача айтканда, оймо-чиймелерди түшүрүү караштырылып жатат.

"Бузулгандан кийин жаңы мечиттин курулушуна дароо капсула салынат. Жаңы мечит бир гана демөөрчүлөрдүн каражатына салынмакчы", - дешти муфтияттан.


Булак: vb.kg