Печать
Категория: Коом
Просмотров: 44

Кыргызстанда эхинококкоз оорусу көбөйдү. Бул тууралуу Мамсанэпидкөзөмөл департаментинин январь-апрель айларына карата инфекциялык жана мите оорулар боюнча баяндамасында айтылат.

Маалым болгондой, эхинококкоз оорусу 2,1 эсеге өскөн. Төрт айда 333 учур катталган (2021-жылы – 319).

Ал эми 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бруцеллез оорусу 11,1 пайызга азайган.

"213 учур катталган (2021-жылы - 238). Нарын, Жалал-Абад жана Чүй облустарында оорунун жогорку деңгээли байкалууда", - деп айтылат баяндамада.

Эске салсак, бруцеллез жана эхинококкоз малдан, анын ичинде айыл чарбадан адамга жугуучу оорулар.

Булак: vb.kg