Печать
Категория: Коом
Просмотров: 50

Жогорку Кеңештин 26-майдагы жыйынында айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп таануу жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Юстиция министринин орун басары Зарема Аскарова, 14 мыйзамды күчүн жоготту деп таануу сунушталып жатканын белгиледи.

Алар:

1) “Мумия жана мумия аралаш минералдык чийки заттарды коргоо жана сарамжал пайдалануу жөнүндө мыйзам;

2) “Мунай жана газ жөнүндө”;

3) “Көмүр жөнүндө”;

4) “1999-жылга сугат суусун берүү боюнча кызматтарды көрсөткөндүк үчүн тарифтерди белгилөө жөнүндө”;

5) “Кыргыз Республикасынын тоолуу аймактары жөнүндө”;

6) “Айыл чарба товар өндүрүүчүлөрүн колдоо үчүн айыл чарба продукциясын мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;

7) “Почта-аманат тутуму жөнүндө”;

8) “Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналардагы калктуу конуштарында туруктуу жашап жатышкан жана экономикалык иш жүргүзгөн юридикалык жана жеке адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө”;

9) “Кыргыз Республикасындагы Юбилейлик иш-чаралар жөнүндө”;

10) “Талаачылык иштерин жүргүзүү үчүн айыл жериндеги товар өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо жөнүндө”;

11) “Социалдык-экономикалык өнүгүүнү мамлекеттик болжолдоо жөнүндө”;

12) “Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө”;

13) “Кыргыз Республикасынын тышкы экономикалык ишинин товардык номенклатурасы жөнүндө”;

14) “Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жөнүндө” мыйзамы.

Булак: Маралфм