Печать
Категория: Коом
Просмотров: 59

Жумгал райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Башкы прокуратура менен биргеликте Жумгал райондук сотунун судьясы А.А.М. жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К.ны опузалап пара алып жаткан жеринен кармады.

2022-жылдын 23-майында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн судья А.А.М.га карата КР Кылмыш-жаза кодексинин Опузалап пара алуу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Аталган кызмат адамдары Жумгал райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн Х.Д. аттуу жарандан опузалап акча каражатын талап кылышкан.

Ал эми прокурордун орун басары О.Ж.К. 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Булак: vb.kg