21-майда саат 16:00 чамасында Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасындагы кыргыз-өзбек чек арасында жайгашкан Чечме айылында катуу жол кырсыгы катталды. Анда оор жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу рулду башкара албай, имаратты жана токтоп турган машинелерди сүзүп кеткен. Социалдык тармактарга тараган фото, видеодон бир нече жеңил унаалардын консерва болуп, жалпайып калгандыгын көрүүгө болот.
Кырсыкка кабылган автоунаа ("Хово" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа) аталган министрликке караштуу болгон. Мекеме кызматкерлер сел өтүүчү каналдарды тазалоо жана габион торчолорду орнотууга баратканын билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору Арзыбек Бөрүбеков Кыргызстан менен Өзбекстан чектешкен жерде болгон жол кырсыгында жабыргандардын абалы боюнча маалымат берип, ар кандай жараат алган беш бейтап учурда Айдаркендеги ооруканада жаткандыгын айтты. Алардын абалы орточо оор деп бааланууда.
"Ооруканада жаткандар өтө оор жаракат алышкан эмес. Баш-мээси чайкалып, бир жери сыйрылып, көгөргөн, катуу тийген учурлар. Абалдары орточо оор, тийиштүү дарыларды алып жатышат. Дарыланып жаткандардын экөө жаш балдар, алардын дагы мээси чайкалган".
Ооруканага кайрылгандардын үчөө алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң үйлөрүнө жөнөтүлгөн. Каза болгон сегиз жарандын, анын ичинде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эки кызматкеринин сөөгү тийиштүү экспертизалардан кийин туугандарына өткөрүлүп берилген. Алардын бири Өзбекстандын жараны.
Ал эми биздин редакциянын иликтөөсүндө, кырсыкка кабылган ӨКМге караштуу “Хово” автомашинасы аталган аймакка селдин кесепетин жоюу үчүн Оштон бараткан. Бирок айдоочусу ал жакка биринчи жолу бараткандыктан, жолдун өзгөчөлүгүн билбей жана өтө катуу ылдамдыкта, болгондо да ылдыйышка жүрүп бараткандыктан, тормозу иштебей же иштесе да каттуу басылгандыктан, оодарылып кеткен. Айдоочу тормозу иштебей калганда жолундагы машиналардын ээлерине жана жөө адамдарга “Качкыла!” деп үнүнүн болушунча кыйкырган. Бирок көз ачып жумгучактагы аралыкта көпчүлүк адамдар качууга үлгүрүшкөн эмес. Демек, тиешелүү жетекчилер бул кырсык боюнча кайдыгерлиги үчүн жана инструктаж жасабагандыгы боюнча жоопкерчиликке тартылышы керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити