Быйылкы жаздагы күн сайын жааган жамгыр элге, мал жандыкка жакшы болгон менен айрым чиновниктердин чала-чарпыт жасаган иштерин ашкерелеп, былыгын ачып коюуда. Мисалы, 18-майда нөшөрлөп жааган жаандын айынан, “Ош” Эл аралык аэропортунун күтүү залынын шыбынан суу өтүп, анысы урап түштү. Такталган маалыматтар боюнча, жүргүнчүлөр арасында жабыр тарткандар болгон жок. Бирок алар видео тартып, социалдык тармактарга чыгарышты.
Тасмалардан байкалгандай, аэропорттун ичин суу, сыртын сел каптады.
Анын кесепетинен алыс-жакын аралыктарга уча турган каттамдар кармалып, ыңгайсыздыктар жаралды. Мындан беш жыл башта бул күтүү залын 70 млн сомдон ашык каражатка үч компания реконструкция кылган экен.
Урап түшкөн күтүү залын мындан 6 жыл башта 70 млн сомдон ашык каражатка үч компания реконструкциялаган. Тактап айтканда, 2016-жылы бул жайды кеңейтүү үчүн тендерди “Элит строй сити”, “Авангард рим строй” жана “Ак Бата” компаниялары утуп, курулуш ишин аткарышкан. Алар 2012-жылы курулган залды толугу менен бузуп, жаңысын салышкан. Бирок анын сапатында буга чейин да көйгөйлөр болуп келгенин аба майдандын жетекчиси А.Токуров моюнга алды. Анткени 2019-жылы да ушул эле күтүү залынын чатыры тешилип, шыбынан суу өтүп, имараттын ичин каптаган. Миллиондогон сом коротулуп курулган курулуш мындай абалга кептелгени коомчулуктун ошондо да катуу сынына кабылган.
Ал эми “Ош” аба майданынын шыбы эмне себептен урап түшкөнүн ички жумушчу комиссия иликтеп жатат. Ал арада Башкы прокуратура да кесепеттин эмне себептен келип чыкканын, курулган имараттын долбоорго шайкештигин жана ал кандай шартта кабыл алынганын текшере баштады.
“Ош” Эл аралык аэропортун жылдыруу боюнча мурдатан эле сөз болуп келген. Ага Кара-Суу районундагы Мады кыштагынын жанынан 500 гектар жер да бөлүнгөн. Бирок анда-санда гана кеп козголгону менен бул маселе эмдигиче ордунан жыла элек.
Анткени ошол жылы декабрь айында аба-ырайынын бузулушунан улам, “Ош” Эл аралык аэропортунда 3 күн катары менен учактардын каттамдары токтоп калган. Анда аэропортто жүргүнчүлөр кармалып, секторлорго адамдар батпай кыйналышкан эле.
Аэропортту жылдырууга бир канча себептер бар. Мисалы, аба ырайы бузулган сайын туман каптай берүүсү жана анын айынан аба каттамдарынын үзгүлтүккө учурашы. Андан сырткары, кошуна Өзбекстандын аймагына жакын жайгашканы да аны жылдырууга негиз берет дешкен.
Булак: “Майдан. kg” гезити