Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1468

Парламентке келиши чыр менен коштолгон депутат Шайлообек Атазовдун дагы да “сырлары” ачыкка чыга баштады. Ал шайлоо учурунда штабында иштеген кызматкерлерге айлык акы төлөбөй, бирок эл өкүлү кейпин кийип өлкөнүн башкы трибунасында отурат. Канчалаган адамдардын мээнетин пайдаланып, рахматын айтпаган бойдон парламентке куйругун түйгөн депутатка нааразычылыгын билдиргендер көбөйүп баратат.

Эл өкүлү кантип “кидальщикке” айланганынын жөнү мындай. Же “кидальщик” кантип эл өкүлүнө айланды десек жөндүү болоор.

Парламентте беш жыл “Ата Мекендин” депутаты катары отурган Атазов 2021-жылдагы парламенттик шайлоого катуу даярданганы баарына маалым. Даярданганын ушундан билүү керек, “жыгылган күрөшкө тойбойт” өңүтүндө күч сынашып, бир жерден атаандашына жеңилип калса, экинчи жактан талапкерлигин коюп, айтор, беш жыл үйрөнүп калган жылуу-жумшак ордуна кайра жетүүгө жанталашты.

Ал алгач №8 Төлөйкөн шайлоо округунан талапкер болду. Бирок атаандашы Нурбек Алимбеков элдин көпчүлүк колдоосуна татыды. Буга ызаланган Атазов жеңилгенин моюнуна алгысы келбей, Алимбековдун дарегине куру дооматтарды коюп, сотко да кайрылган. Анткен менен сот Алимбеков тарапта болду, тагыраак айтканда, анын шайлоодо эч кандай мыйзам бузууга барбаганы далилденип, Атазов экинчи орунга жылды.

Бирок каалаганын айтып, каалаганын жасап, эрке баладай тайраңдаган беш жыл эстен кетмек беле. Депутат болбой калса, сыйы да, башкасы да жок баштапкы таз кейпине кайтып калаарын жакшы билет да. Бактысына Бишкектеги №29 бир мандаттуу Свердлов районундагы шайлоо жокко чыгарылып, экинчи тур белгиленди. Мына ушул аймактан Атазов дагы бир жолу тагдырын сынап көрүүнү чечкен.

2021-жылдын 1-декабрында Атазов “Ата Журт” партиясынын айрым мүчөлөрүнө кайрылып, Алимбековго жеңилип калганын, шайлоого экинчи жолу аттанып жатканын айтып, жардам сураган. Свердлов районунан талапкер болгону менен ал  район ага бейтааныш экенин да моюнуна алган. “Оштон жаңы эле келдим. Ошто Шаит-Дөбө менен Араван гана бар. А Бишкекти жакшы билбейм”, - деген Атазов. Кайсы аймактан эл өкүлү болууну каалаган адам ошол аймактын ой-чуңкурун жакшы билүүсү керек эмес беле. А Атазовго анын зарылчылдыгы жок болду, анткени, ниети элге кызмат кылуу эмес, мандатка жетүү болчу. Бирок элдин добушуна ээ болуу үчүн жок дегенде ошол аймакка таандык маселелерди жаттап болсо да айтып, калптан болсо да чечүү жолдорун сунушташы керек эле. Ошондуктан, шайлоо жаатында 15 жылдан ашуун тажрыйбасы бар адамдарга жогорудагы өтүнүч менен кайрылган.

Ошону менен келишим бекемделип, алар Атазовго январь, февраль, март – үч ай иштеп беришкен. Шайлоо учурундагы жумуш көбүнө белгилүү, эч нерсени билбеген, мандатты гана көксөгөн адамды эл көзүнө акылдуу, билимдүү көрсөтүүгө оңбогондой мээнет керектелет,  штабда иштегендер 24 саат бою тынбай эмгектенишкен.

Жыйынтыгында, шайлоодон Шайлообек Атазов жеңди делген жыйынтык чыгарылды. Ушул жерден белгилей кетчү нерсе, бул дагы көп чырдан кийин чыгарылган жыйынтык. Аны менен аталган аймакта атаандаш болгон талапкер Абдурахманхаджи Муртазалиев добуштарды саноодо биринчи орунга чыккан. Бирок чырлуу Атазов анын да “түбүнө” жетти. Алдыга чыккан атаандашын буттан тартуу үчүн добуштарды сатып алды деген маалымат таратып, анысын кандай ыкма менен белгисиз, айтор, тастыктап, соттун өзүнүн пайдасына чечимин чыгартууга жетишти. Муртазалиев акыйкаттык издеген билдирүүлөрүн жарыялаган бойдон кала берди.

Мына, ушинтип чоң чыр менен эптеп парламентке жеткен Атазов 6-апрелде Жогорку Кеңеште ант берип, депутаттык төш белги тагынды. Так ушул күндөн тартып, буга чейин үч ай ал үчүн күнү-түнү иштеп, канча деген былыктарын жымсалдап, шайлоочуларга татыктуу талапкер көрсөтүүгө аракеттенген топту тааныбай калды. Анда иштегендер айлык акы төлөбөй, ошол күндөн ушул күнгө чейин караанын көрсөтпөй качып жүргөнүн айтышууда. Ал кийинки, март айында болгон шайлоодо иштегендерге гана эмес, ага чейин 2021-жылдын ноябрында болгон шайлоодо иштеткен топтун да акысын төлөгөн эмес экен.

“Сөзү менен кылган иши дал келбеген депутаттын кыргыз элине керек эмес! Атаандашы Нурбек Алимбековдун декларацияда көрсөтүлбөгөн мүлктөрүн таап чыгуу үчүн 5 юрист күнү-түнү иштеген. Акысы төлөнгөн жок!

Шайлообек Атазов убадаларын кыска убакыттын ичинде аткарбаса, депутаттык мандатын кайра тартып алуу үчүн кол чогултабыз!

Анын декларацияда көрсөтүлбөй, мыйзамсыз аялдарына катталган мүлктөрүн да чыгарууга даяр экенибизди эскертебиз!

Мына, депутаттын анык жүзү! Ал өзүн аябай акылдуу ойлойт окшойт. Мындай мамилесин жалпы шайлоочуларды шылдыңдоо деп бааласа болот. Эсиң барда этегиңди жап, Шайлообек Атазов! Сенден корко турган биз эмес!” - деп жазылган депутатка багытталган катта. Бул кат анын шайлоо штабында иштегендердин кыйкырыгы экенин түшүндүңүздөр болушу керек.

Шайлообек Атазов 2020-жылы максатына жетпей калган парламенттик шайлоого “Мекеним Кыргызстан” партиясы менен катышкан. Кийинчерээк, Раимбек Матраимовду колдоо митинггине чыккан. Ал эми 2015-2020-жылдар аралыгындагы депутаттык ишмердүүлүгүнө элге таанылганы чын. Бирок эл көйгөйүн көтөргөн, сабаттуу сунуштары менен эмес, таң калтырган демилгелери, ар кандай чыр-чатакка жакын болгону жана бир сөз менен айтканда, макамына деңгээли туура келбегени менен.

Адамдын эмгегин бекер пайдалануунун кесепети арбын болоорун эл өкүлү билбейби? Ислам дининде “Жумушчунун чеке тери кургай электе эмгек акысын бер” деп жазылган. Депутаттык бирөөлөрдү алдап, бирөөнү каралап келип алып, эптеп кыбырап тиричилигин өткөрө берчү нерсе эмес. Ал -элдин көйгөйүн, үнүн бийликке жеткирип, эл менен мамлекеттик кызматтардын ортосуна көпүрө болуучу милдет. Бирок эл өкүлү өзү минтип канча деген адамга берген убадасынан тайып, сөзүн эмес, акчасын бийик койсо, кайдагы милдет? Адамдын кимдиги убадаларынын өтөөсүнө чыгуусу менен аныкталат. Эл өкүлү элге кызмат кылам деп көкүрөк кагуунун ордуна, алгач өзүнө кызмат кылгандар менен эсептешип койсо жакшы болот эле...

Теманы дагы улантабыз...

Аэлита Сатындиева, Булак: “Майдан. kg” гезити