Ушул жана башка суроолор Кыргызстандын спорт коомчулугуна кечээ күнү Бишкекте өткөн КРнын спорт Федерацияларынын кезектеги жыйынында берилди. Иш-чаранын демилгечиси Кыргыз Республикасынын Шахмат Союзунун Президенти Бабур Тольбаев болду.
Мындай иш чараларды өткөрүүнүн тарыхында биринчи жолу кыргыз спортунун өкүлдөрүнүн жолугушуусу таптакыр жаңы форматта өттү. Кыргыз Республикасынын Шахмат союзунун жана Кыргыз Республикасынын ММА ГАММА федерациясынын Президенти Б.Тольбаев ачылыш сөзүндө конокторго: “Сиз эмне үчүн бул жердесиз?”, “Ар бир адамдын эң негизги максаты эмнеде?", "Сиз үчүн бакыт деген эмне?" – деген турмуштук маанилүү суроолорду берди. Бул суроолор ойлонууга жана ой жүгүртүүгө түрткү болот.
Биз баарыбыз бактылуу жана ден соолукта болгубуз келет, гүлдөп - өнүккөн туруктуу, коопсуз өлкөдө жашагыбыз келет. Биз узак өмүр сүрүп жана балдарыбыздын дени сак жана ийгиликтүү чоңоюп, максаттарына жетишкенин көрүүнү каалайбыз. Бул ар бир адам билгендерин жана колунан келгендин баарын өз жашоосун эң сонун курууга жумшаса гана мүмкүн болот.
Эки спорт Федерациясынын жетекчиси катары Тольбаев өз ишмердүүлүгүндө кыргыз спортун өнүктүрүү боюнча өзүнүн көз карашын, стратегияларын иштеп чыгып жана биригүү менен гана тезирээк эффективдүү оң натыйжага жетүү мүмкүн деген бүтүмгө келген.
Спорт - бул эң биринчи ден соолук. Ар бир жарандын, демек, жалпы элдин саламаттыгы. Мамлекетте спортту өнүктүрүү абдан маанилүү. Бул рух, максатка умтулуу жана жеңишке умтулуу, демек бул өз жашооңду жакшыртууга умтулуу дегенди билдирет.
Тольбаев тарабынан даярдалган презентацияда кесиптештерине ата мекендик спорттун учурдагы абалына талдоо жасалганы айтылды. Биздин күчтүү жактарыбыз, мисалы, эрктүү, шыктуу спортчулар, спорт үчүн эң сонун жаратылыш шарттары, өлкө жетекчилигинин каржылоого даярдыгы, спорт тармагына жеке инвестициялар ж.б.у.с.белгиленди. Ошондой эле, машыктыруучулардын жана кесипкөй кадрлардын жетишсиздиги, айрым федерациялардагы каржылоонун жетишсиздиги, коррупция жана мамлекеттик же демөөрчүлүк каражаттарды максатсыз пайдалануу, спортчулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу боюнча пландардын жоктугу сыяктуу кемчиликтер жана башка көп нерселер да айтылып өттү.
Ушул эле жерде Федерациялардын жалпы күчтөрүн чыңдоо боюнча конкреттүү иш-чаралар сунушталып жана тынымсыз жаралып туруучу көйгөйлөрдү жалпы чечүү үчүн биргелешип иш алып баруучу Бирикме түзүү, каржы жана ресурстарды бириктирүү жолу менен спорт коомчулугуна каржылоону тартуу жана спорт үчүн зарыл инфраструктураны түзүү сунушу айтылды.
Спорт коомчулугу үчүн бул жаңы идеяны талкуулоонун жүрүшүндө Федерациялардын жетекчилери жана КР Улуттук Олимпиада Комитетинин өкүлдөрү мындай Бирикме үчүн эч кандай тоскоолдуктарды көрбөгөндүктөрүн жана кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти.
Көптөн бери өлкөбүздө спорт менен тыгыз байланышта болгон Аскар Салымбеков бул идея максатка ылайыктуу экенин, ар бир адам өз Федерациясынын жана спортчулардын кызыкчылыгын эске алуу менен жакшылап ойлонушу керектигин белгилеп, ошондой эле ар бир адамды кызыктырган жаңы идеялар жана долбоорлор сунушталган, ушундай өзгөчө форматтагы жолугушуу уюштурганы үчүн Шахмат Союзуна ыраазычылык билдирди.
Бул идеяны КР Улуттук Олимпиада Комитетинин өкүлү Кылычбек Сарбагышев да колдоп: “Эгерде биригүү зарылчылыгы болсо, анда сөзсүз биригүү керек. Кыргыз Республикасынын Олимпиадалык Комитети каршы эмес, биз жаңы бирикме бизге эч кандай карама каршы иш алып барбайт деп ишенебиз, тескерисинче, биз Федерациялардын бардык көйгөйлөрүн билгендиктен кубануу менен жардам беребиз, бардык УОКтун ресурстары сиздердин кызматыңыздарда, биз ачык жана чогуу иштөөгө даярбыз” – деп билдирди.
Хоккей Федерациясынын Президенти Анвар Оморканов, идея колдоого алынаарын, анткени УОК спорттун олимпиадалык түрлөрү менен гана алектенип, ал эми калгандары четте кала бере тургандыгын, ал эми жаңы Бирикме, бүгүнкү күндөгү Кыргызстандагы спорттун бардык жеткиликтүү түрлөрүн өзүнө камтый тургандыгы жөнүндөгү кесиптештеринин пикири менен макул болду.
Борбор Азиянын чок ортосунда болгондуктан, бизде спорттук туристтердин саякаттары үчүн Кыргызстанды тандоосуна толук мүмкүнчүлүк бар деген ойлор айтылды. Тоолор, аскалар, дарыялар, көлдөр - бизде ар кандай спорттун түрлөрү үчүн керектүү нерселердин баары бар. Маселен, Ысык-Көлдү айланып өтүүчү велотрек жылдын кайсы мезгилинде болбосун миңдеген туристтерди жана велоспортчуларды тартаары талашсыз.
Жыйындын соңунда бирдиктүү уюм түзүү идеясынын демилгечилери тарабынан жакынкы айда даяр бизнес-долбоору сунушталып жана аны ишке ашыруу үчүн инфраструктураны камсыздай тургандыгы тууралуу жалпы чечим кабыл алынды.
Алдыда жайкы сезон, спорттун ар кандай түрлөрү боюнча чет элдик коноктордун жана спортчулардын катышуусунда көптөгөн эл аралык мелдештер пландалууда. Биздин Федерациялар чемпионаттарга жана турнирлерге активдүү даярданууда.
Ал эми биз дагы бул спорттук иш-чараларды даярдоодо, машыгууда жана уюштурууда күчүбүздү бириктире турган болсок, анда бул өлкөбүздүн жана биздин кыргыз спортчуларыбыздын аброюна гана пайда алып келмекчи.
Жамиля Ормушева