Депутат Нурлан Шакиев Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басарына кайрылып, азык-түлүктөрдүн баасы качан калыбына түшөөрүн сурады.
"Бүгүнкү күндө баа саясатын турукташтырууда Министрлер Ккабинети менен биргеликте Улуттук банктын да жоопкерчилиги бар. Бул боюнча Улуттук банк кандай чараларды көрүп, кандай сунуштарды берип жатат? Себеби, колдонуудагы биринчи керектеги товарлардын баасы 2 эсеге, айрымдарыныкы 3 эсеге жогорулады. Аны доллардын көтөрүлүшүнө байланыштырдык эле, бирок доллар түштү, а баалар кымбаттаган бойдон калды", - деди Шакиев.
Улуттук банктын төрагасынын орун басары импорттолгон товарлардын баасы доллар түшкөнүнө карабай, кымбат наркында кармалып жатканын билдирди. Бул анын айтымында, пандемиядан кийин дүйнөлүк биржалардагы нарктын өсүшүнө байланыштуу, ошондой эле, логистикалык чынжырча үзүлүп, транспорттук чыгымдар көбөйдү.
"Финансы министрине ай сайын жолугуп, талкуулап турабыз", - деди орун басар.
Эл өкүлү бул жоопко канааттанган жок. Ал "финансы министрине ай сайын эмес жума сайын жолугушса деле маселе ошол бойдон калып жатканын" белгиледи. Ошондой эле, ал коммерциялык банктардын берген насыяларынын үстөк пайызын азайтуу зарылдыгын белгиледи.
"Коммерциялык банктар кыйналган элдин мээнетинен акча жасап жатат. Пайыздарды түшүрүүгө зарыл чараларды көрүү керек. Бул элдин, учурдун талабы", - деди Шакиев.