Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин "Кумтөр" кирешеси боюнча чечими талкууланды. Министрлер Кабинети "Кумтөрдүн" дүң кирешесинин 0,6 пайызы ар айдын 10унан кечиктирилбестен “Нарын облусун өнүктүрүү фонду” мекемесинин атайын эсебине которулуп тураарын белгилеген.
Депутат Нурлан Шакиев мындай чечимди колдоого алды.
"Мен кесиптештеримдин айтканына эч убакта шек келтирчү эмес элем. Бирок "Кумтөр" тууралуу кеп болгондон кийин калыстык үчүн айтып коюуну чечтим. "Кумтөр" - кыргыз элинин байлыгы, анда бардык кыргызстандыктардын үлүшү бар. Андан түшкөн кирешеден Нарын облусуна бөлүп берүү менен Министрлер Кабинети туура чечим кабыл алды. Керек болсо, башка облустарга да кирешенин пайызынан бөлүп берүү керек. Албетте, Ысык-Көл менен Нарын облустарына көбүрөөк пайызда берип, калган 5 облуска азыраак болсо бөлүштүрүү керек. Анткени, мамлекеттин байлыгы - элдин байлыгы. "Кумтөрдү" элдин керегине жарасын деген тилек менен канча деген азап-тозокторду басып өтүү менен мамлекеттин энчисине алдык", - деди Нурлан Шакиев.
Белгилей кетсек, айрым депутаттар Министрлер Кабинетинин бул чечимине каршы чыгышты.