Печать
Категория: Коом
Просмотров: 112

Башкы прокуратура трайбализм «дарты»  менен жабыркап, анысын кээ бир учурларда жашыра албай калчу  мурдагы Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун да мүлктѳрүн камакка алуу үчүн «Кадастр» кызматынан маалымат сурагандыгы белгилүү болду. Буга чейин ал Убактылуу ѳкмѳтчүлѳр менен кызматташып, 2010-жылы Жалал-Абаддын коменданты, андан кийин Башкы прокурор катары  мыйзамсыз иш-аракеттерге баргандыгы, бир катар мүлктѳргѳ ээ болгондугу, Мегаком компаниясы боюнча коррупциялык кыңыр иштери жѳнүндѳ   айтылып, жазылып келген. Бирок ага карата укуктук чаралар кѳрүлгѳн эмес. Эми Июнь окуясынын шарданы менен мыйзамдын укуругу  Кубатбек Байболовго да жеткени турат. Башкы прокуратура тыкыр иликтесе, кѳптѳгѳн кыңыр иштер, калбырлар калкып чыгаарында талаш жок.