Печать
Категория: Коом
Просмотров: 381

Кимдир бирөөнү түз жерден жаманатты кылууга уста адамдарды иликтей келсең, өткөнүндө кылмыш жоопкерчилигине тартылган же шектүү болгон болуп чыгышат. Андайлар өзүнүн жасаган кылмыштарын жаап-жашыргысы келеби же туура жашай албаганына комлекс кармашабы, айтор, башка бирөөнү да коомчулукка жаман көрсөтүүгө аракеттенишет.

Буга “Комсомольская правда” басылмасынын Кыргызстандагы бөлүмүнүн редактору Александр Банников мисал болуп бере алат. Аталган басылма УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тууралуу чындыкка дал келбеген маалыматтарга таянып, калпты койгулаштырган макала жарыялаган. Бул гезиттин Кыргызстандын ички ишине аралашуусуна эмне себеп болду, кызыкчылыгы эмнеде деген суроону иликтей келгенде, Банниковдун өзгөчө өмүр таржымалына туш болдук.

Александр Банников бир нече жолу кылмыш ишинин фигуранты болгон. 2001-жылы Бишкектин Ленин райондук соту төрт берененин негизинде кылмыш ишин козгогон. Алар – “көз боемочулук”, “калп жарнама”, “салыктан качуу” жана “баалуу кагаздарды мыйзамсыз чыгаруу”. Жыйынтыгында, сот ага үй-мүлкүн конфискациялоо менен 4,5 жылга эркинен ажыратуу боюнча чечим чыгарган.

Ага тагылган төрт берене эле бул кишинин баалуулугу жок, жалгыз кызыкчылыгы акча экенин айтып турат. Миңден ашуун адамды зар какшатып, биринен ири, биринен орто суммадагы акчаны алдап алып, ошону менен кайтарган эмес. Жалпысынан моюнуна илинген карызы 200 миң доллардан ашкан. Алдангандардын арасында өзүнүн кесиптештери, журналисттер да болгон. Айрымдары Банниковдун үстүнө үстөк пайыз кошуп кайтарам деген убадасына алданып, кармата берген акчасынын ордун толтуруу үчүн үйүн сатууга аргасыз болушкан.  

Мындай аферанын учугу 1990-жылдарга барып такалат. Ошол жылдары Банников андагы коомчулукка дайын боло элек каржы пирамидасын түптөгөн. Жылына 360 пайыз дивиденд (мындай пайыз реалдуу эмес) төлөп турууну убадалап, жалган жарнаманы таратып, төлөм төгүүчүлөрдүн катарын көбөйткөн. Анын эсебинен кассасына 5,3 миллион сом, 350 миң доллар жана 150 миллион сом түшкөн. Алкымы ачылган сайын өзү казган ор өзүнө кеңейип, акырында укук коргоо кызматтарынын кылтагына түшкөн. Андан кийин да бир нече жолу афералык ишин улантууга аракет жасаган. Ар бир жолу мыйзам жоопкерчилигине кабылганда, жооптуу кызматтагы тааныштары аркылуу жеңил жаза алган же айыбын жашырууга жетишкен.

Эми ушундай, алдамчылыкка кекиртегинен баткан адам редакторлук кылган басылманын Москвадагы башкы кеңсеси Кыргызстандын ички ишине кийлигишкен макаласын жарыялады. Кыргыз өлкөсү өзүнүн көз карашы, позициясы бар, доско достой, душманга душмандай мамиле жасаган жетекчилердин башкаруусунда экенин унутушуп, дагы эле үстөмдүк кылууга аракет кылышууда. Банников сыяктууларды Кыргызстандан чыгарып салуу да аздык кылат. “Өздөн чыккан өрт жаман” дегендей, кыргыз жеринде жашап жүрүп, өлкөгө кастык кылгандар “персона нон-гратага” айланса, эч ким нааразы болбосо керек.