Печать
Категория: Коом
Просмотров: 343

Барселона футбол клубунан кыргызстандык Эмир Хан Кыдыршаевдин команданын курамына киргени тууралуу расмий билдирүү келди. Бул тууралуу журналист Нургазы Анаркулов соцтармактагы баракчасы аркылуу кабарлады. 

Анда айтылгандай, Эмир Хан Кыдыршаев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу. 

"Биз, Барселона футбол клубу эрезеге жете элек, NIE E23349004 номерлүү Эмир Хан Кыдыршаев профессионал футболчу экенин жана клубдун жаштар командасынын курамына кирээрин расмий билдиребиз. Эмир Хан Кыдыршаев окутуудан өткөндөн кийин футбол клубунун адистери тарабынан тандалып алынды. Ал буга чейин Levante UD үчүн ойноп келген.

Учурда оюнчу Ciutat Esportiva del F.C.Barcelona тобу менен профессионалдык машыгуудан өтүп жатат. Машыгуу Сан-Жуст-Десвернде болууда жана ушул жылдын 3-майында башталган", - деп жазылган Барселона футбол клубунун расмий билдирүүсүндө. 

 Эмир Хан Кыдыршаев 17 жашта. 2019-жылы Паоло Росси италиялык футбол Академиясына тапгырган. Ал эл аралык деңгээлге чыккан биринчи кыргызстандык футболчу.