Печать
Категория: Коом
Просмотров: 76

Бул тууралуу тарыхчы Кыяс Молдокасымов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

-Айрым депутаттардын кайдигерлигин, түшүнүгүн, деңгээлин, билимсиздигин, жоопкерсиздигин көрүп түңүлдүм! Түңүлдүм да түкүрдүм! Булар — Парламенттеги Социалдык комитеттин мүчөсү болгон көпчүлүк депутаттар! Ушуну менен үчүнчү жолу комитеттин жыйынына келишпей койду! Билим берүү жөнүндө мыйзамдар, зарыл келишимдерди ратификациялаган мыйзам долбоорлору, протоколдук тапшырмалар, анын ичинде карт жана байыркы тарыхыбызды изилдөөгө жол ачкан маселелер кайрадан каралбай, талкууланбай, кабыл алынбай калды. Буга түздөн-түз Социалдык Комитеттин көпчүлүк мүчөлөрү күнөөлүү!
Өздөрүнүн деңгээлинин төмөндүгүнөн уламбы, же түшүнүгү таптакыр жоктугунанбы, же бул жерде алардын алкымын ачкан материалдык кызыкчылык болбогондонбу, айтор үчүнчү жолу жыйынга келбеди! Ушундай деңгээли пас депутаттардын бизге кереги барбы!? Андайлардан эртерээк арылбаса элдин шору! Элге барганда асмандагы айды убада кылса, Парламентте элге душмандык кылат! Алтын убактыбызды жоготуп бир саат күтүп, депутаттардын келбегенинен улам кайра кеттик! Жөн кетпей келбеген депутаттарга наалат айттык! Депутаттардын арасында мыктылар албетте көп! Бирок Фракция жетекчилерин, спикерин укпаган, эң башкысы элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын уруп ойнобогон арамза депутаттар башкаларды да жаманатты кылат! Андайлардан батыраак арылбаса Жогорку Кеңештин депутаттарын таркатабыз деп эл жабыла чыгат! Эсиңерге келгиле элге каршы иштеген кумалак депутаттар! — деп жазган Молдокасымов.

Булак: argument.kg