Печать
Категория: Коом
Просмотров: 92

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси Мээрим Тилекеева кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, 17-майда жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, УКМК кызматкерлери "опузалап пара алуу боюнча" Мээрим Тилекованын жашаган жерин аныкташкан. 

Ал  тергөөгө чейинки текшерүүнүн материалдарынын алкагында андан аркы тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Каракол шаарына жеткирилди.

Учурда тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.