Печать
Категория: Коом
Просмотров: 98

   Мектептерде акыркы коңгуроо майрамына карата кафе-ресторандарда иш-чараларды өткөрүүгө, ошондой эле сейил бактарда сейилдөөлөргө, жаратылышка жана суу объектилерине саякаттоого тыюу салынат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык,  акыркы коңгуроону 9-июнда өткөрүү боюнча буйрук даярдалып жатат. Саат 9.00-10.00дө республиканын бардык мектептеринде (мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчик) салтанаттуу линейкалар  өткөрүлөт. Буйрукка бүгүн кол коюлуп, жарыяланышы күтүлүүдө. Тыюу салуу жөнүндө бардык мектеп окуучуларына, алардын ата-энелерине, ошондой эле билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине билдирилет. Эске салсак, окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылганына байланыштуу мектептерде акыркы коңгуроо 9-июнда кагылат.


Булак: apta.kg