Саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басарлары жана кызматкерлери бүгүн маалымат жыйын өткөрүшүп, министр Алымкадыр Бейшеналиев тууралуу пикирлерин билдиришти.
Орун басарлардын бири Улукбек Бектурганов кесиптештер бири бири менен эркин сүйлөшө албагандай абалга жетишкенин белгиледи.
"Акыркы учурда кесиптештер бири бирибиз менен кеңири сүйлөшө албай калдык. Сүйлөшүп калсак эле, "эмне деп сүйлөштүңөр, кимди айттыңар, кимди жамандадыңар" - деген сыяктуу сурак башталат.
Менин өзү табиятымдан жетекчиликти колдоп, баш ийген жагым бар. Алымкадыр Бейшеналиевди да болушунча колдогонго аракет кылдым. Бирок четтетип, ар кандай сөздөрдү айтып, үй-бүлөңө чейин киришип, "аялыңды "братишкаларга" салып берем", - дегенге чейин барса, көңүлүң калат экен. Өзү да акыркы күндөрү кеңешпей, акылдашпай калды. Орун басар деген менен кеңешип, акылдашуу керек да иш боюнча", - деди ал.
Ал эмне себептен азыр, Бейшеналиев Германияга кеткенде гана бул тууралуу айтып жатышат деген суроого мындайча жооп берди:
"Адам баласынын чыдамы чегине жеткенден кийин гана айтып чыгат. Биз да ушул убакка чейин чыдадык. Ичибиздегини сыртка чыгарбайлы дедик", - деди ал.
Ошондой эле, алар бийлик жетекчилигине кайрылышып, "ушундай, этика дегенди билбеген министр иштей бериши керекпи же...?" деген суроо коюшканын белгиледи.
Дагы бир орун басар Жапаркул Ташиев министр жүргүзүп жаткан иштер реформа катары бааланбай турганын билдирди.
"Качан гана бейтап сапаттуу, жеткиликтүү медициналык кызмат ала алса, ошого шарт түзүлсө - реформа жүрүп жатат деп айтуу керек. Ал эми "алмаштырам, жабам" деген коркутуулар реформага кирбейт", - деди ал.
Ошондой эле, ал аппаратта министрге нааразы кызматкерлер чекеден чыгаарын белгиледи. Дагы бир бөлүм башчы айым ооруканада жатканында, анын бөлүмүндө иштеген кызматкерлерди министр чакырып алып, "Тигини кетиргиле, кимиңер кетире алсаңар, анын ордуна ошону коем", - дегенин айтып берди.