Печать
Категория: Коом
Просмотров: 355

Министр Алымкадыр Бейшеналиевдин пара алууга шектелген кеңешчиси Мээрим Тилекова кеңешчилик кызматында бир күн да иштөөгө жетише албай калды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери өткөргөн маалымат жыйынында кадр бөлүмүнүн башчысы Бообекова билдирди. 

Айтымында, Мээрим Тилекова 2020-жылы министрдин орун басарынын катчысы болуп иштеген. Кийинчерээк өз арызы менен жумуштан кеткен. Ал эми ушул жылдын 29-апрелинде министр аны кеңешчиси катары 16-майдан тартып иштей тургандай кылып буйрук чыгарган. 

"Бирок ал ишке чыккан жок. Телефон чалып байланыша албадык. Ошондуктан, ишке чыкпаганы үчүн экинчи буйруктун негизинде жумушунан алынды", - деди Бообекова. 

Эске салсак, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору пара менен кармалып, ал Мээрим Тилековага каршы көрсөтмө бергени айтылган.