Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси кармалды. УКМКнын маалыматына караганда, ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекциясынын Башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Ы.Т.К. пара алып жатканда колго түшкөн.
Буга чейин 2016-жылы Башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ы.Т.К. 70 миң доллар өлчөмүндөгү акчаны С.С. аттуу чет өлкөлүк ишкерден алып, Кыргызстандан Кытайга эшектерди алып кетүүгө уруксат берүүчү документтерди камдап берээрин убадалаган. Бирок ишкерге аталган документтер берилген эмес, акчасы да кайтарылбаган.
Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып калган.
14-майда Кожошевдин кеңешчиси мурда алган акчанын бир бөлүгүн С.Сга кайтарып жатканда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Ы.Т.К. учурда Министрлер Кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин кеңешчиси болуп иштейт.
Учурда тийиштүү тергөө амалдары жүрүүдө.
Эске салсак, буга чейин саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин кеңешчиси пара талап кылууга шектелип жатканы айтылган болчу.