Печать
Категория: Коом
Просмотров: 79

"Дача-Суу айылындагы кырсык болгондон кийин биз барганбыз. Ал окуяга өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешеси жок"-деп билдирди биздин кабарчыга өлкөнүн экс-премьер министри Кубатбек Боронов. Ал Дача - Суу окуясын изилдөө боюнча түзүлгөн комиссиядагы айрым түшүнбөстүктөргө түзөтүү киргизди. Ошол каргашалуу окуяны өзгөчө кырдаалдар министри катары болуп өткөндөн кийин угуп, тийешелүү кызматтар менен бирге барган. Ал эми комиссияга  мүчө болгонун президенттик администрациядан кабарлап, макулдук сурашкан. Коомчулук да, анын Дача- Суу окуясында кыпындай да, тийешеси жок экенин айтып келет.


Булак: apta.kg