Кыргызстан нечен жылдан бери мыйзам түшүнүгүнөн чыгып, тар чөйрөнүн түзүп алган адатына салып жашап келген. Коррупция, пара берүү көбөйүп, акыйкаттуулук эмес баарын акча жеңет деген түшүнүк жедеп сиңип калган болчу. Акыркы бир жылдан бери Кыргызстанды мыйзамдын алкагында жашаган өлкөгө айлантууга аракеттер жасалгандан бери жооптуу кызматтын башында тургандарга каралоо жасалып жатат. Бул сапар кезек баш прокурор Курманкул Зулушевге жетиптир.
Курманкул Зулушевдин ишмердүүлүгүнөн өөн табууга болбойт. Ал катардагы судья болуп турган кезинен тартып мыйзам тили менен гана сүйлөгөн, ар кадамын мыйзамга тууралап таштаган адам экени белгилүү. Коррупцияга аралашкан учурлары жок. Ошондуктан, каралоочу тарап анын бир туугандарын бутага алышыптыр. Баш прокурордун ага-инилери ишкерчилик менен алектенишет экен. Алардын бизнестеги сапары 2016-жылы түптөлгөнү ошол иликтөөнүн өзүндө айтылып жатат. Бизнес бир туугандарыныкы, Зулушевдики эмес. Бир үйдөн канча бала төрөлсө, анын ар биринин өзүнүн жолу бар. Бири мамлекеттик кызматта иштейт, дагы бири жеке сектордун өкүлү болот. Аны тыюуга, ченеп-бычууга эч кандай эреже жок. Бакиев заманынан бир лакап калды эле: "Бир үйдөн бир гана акылдуу бала төрөлүшү керек", - деген. Анын сыңарындай, бир туугандардын бири мамлекеттик жооптуу кызматка барып калса, калганы өз тиричилигин жыйыштырып, үйдөн чыкпай отуруп калышы керекпи? Ага чейин түптөгөн жолун улантып, жасап келген ишин жасай беришпейби.
Ишкерчилик демекчи, өлкө үчүн ишкерчилик өтө маанилүү. Канчалык бизнесмендер көбөйгөн сайын, өлкөнүн бакыбаттуулугу артат. Бул жааттан алып караганда, Зулушевдин бир туугандары кайсы бир деңгээлде жумуш орундарын түзүп, салык төлөп, мамлекет таянган бутактардын бири болуп келатышат. Мамлекет ишкерчиликтин экономикадагы ролун туура баалап, бизнес өкүлдөрүнө камкордук көрүүнү колуна алды. Көп бизнесмендердин арасында Зулушевдин бир туугандары да бар экен, агасы ким экенине карабай, алар ишкерчиликтин өкүлдөрү катары мамлекеттин бул камкордугуна татыктуу.
Жыйынтыктап жатып айтуучу сөз - ар бир адамдын өз ишмердүүлүгүн баалай билүүнү үйрөнсөк. Так, туура иштеп жаткан адамдын өзүнөн илинчек таба албай калганда, бир туугандарын, балдарын ала чуркоону токтотсок, сындоонун да маданиятын үйрөнсөк жакшы болот эле.