Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-майда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында 100 500 сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Ысык-Көл облусунун саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн координатору, Каракол шаарындагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Б.Ж. кармалды.
Бул УКМК тарабынан өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматтык укук бузууларга жана коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында болгон.
Орто медициналык кызматкерлери акча чогултушуп, аны Ысык-Көл облусунун медициналык мекемелеринин жооптуу кызматкерлери директорго беришкен.
Учурда тиешелүү тергөө иш чаралар жүрүп жатат.