- Алексей Ширшовдун табакташтары ал камакка алынганы “биздин да кытмыр иштер ачыкка чыгып калабы”- деп кооптонуп жатышкандар да болсо керек. Мен ал кишинин коррупциялык, мафиялык иштерин иликтебегеним менен Азимбек Бекназаровдон анын былык иштери боюнча түрдүү маалыматтарды уккам. Камакка алынган Ширшов табакташтарынын баарын ачык айтып береби же жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын деп, жоопкерчиликтен кутулуунун оңой жолун издейби, көрө жатарбыз.
- Ал жоопкерчиликтен кутулуунун оңой жолун, жогору жактын тилин таап алат деген ойдосузбу?
- Негизи качып жүргөн киши камакка алынып калганынан улам, “кимдир бирөө менен макулдашып алганбы?”- деген ой келип жатат. Ошон үчүн миллиарддарды жеп, арзыбаган акчаны кусумуш болуп кутулуп кетпейби деген күмөн саноом күч. Бирок, коомчулук муну көз жаздымда калтырбайт. Анткени, азыр коомдук көзөмөл күчөй баштады. Бийликтен да ачык маалыматтарды талап кылышса керек.
- Айрымдар муну “качанкы Ширшовду кармады”- деп бийликтин пиарындай эле кабылдап жатышат го?
- Эгер Ширшовдун иши коомчулукту чууга салып анан басаңдап калса, бийлик унчукпай калса, бул ишти пиар деп түшүнсөк болот. Бирок, Ширшовдун системасы ал камалгандан кийин токтоп, электр энергиясы арзандап, элге жеңилдиктер берилсе анда иш алдыга жылып атканы билинет. Эгер баштагыдай эле элдин жонунан кайыш тилген саясат улана берсе, анда анын системасын улантуучулар бар экени билинет. Ошон үчүн бул окуяга көз кырыбызды салып турушубуз керек. Жагдай кайсыл жагына өзгөргөнүн байкап.
- Кээ бирөөлөр азыркы бийликте дагы Ширшовго жан тарткан табакташтары болушу мүмкүн деген ойлорун айтышууда. Ошондой болушу мүмкүнбү?
- Менде дагы ошондой күмөн саноо бар. Анын ишенгени болбосо ал камалмак эмес. Баштагыдай эле качып жүрө бермек. Ширшов Нурлан Сулаймановдой болуп качып жүрүп эле, кызматка келүү үчүн камакка алынышы да мүмкүн. Айтайын дегеним, Нурлан Сулайманов качып жүрүп эле, заматта Акылбек Жапаровдун жанына отуруп калды го. Ширшов да алдына ошондой максат коюшу мүмкүн. Эгер бийликтегилер элдин ишенимин жоготпойбуз десе, ага окшогондордон оолак болушу керек. Алардын тилине кирбей, жазасын берип, жегенин кустурушу керек.
Булак: “Майдан.kg” гезити