Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнүнө байланыштуу юридика илимдеринин доктору, профессор Автандил Арабаев редакциябыздын суроолоруна учкай жооп берди.
- Автандил Анисович, жаңы Конституциябыздын кабыл алынганына бир жылдын жүзү болду. Анын долбоорун талкууга Конституциялык кеңешменин мүчөсү катары активдүү катыштыңыз эле. Эми бул Конституциянын иштешине кандай баа бересиз? Анын сапаты тууралуу эмне дейсиз?
- Конституция канчалык деңгээлде сапаттуу болгонун, биринчиден, мезгил көрсөтөт. Албетте, аны идеалдуу деп айта албасак да, бүгүнкү замандын талабына бап жазылганын баса белгилесек болот. Экинчиден, коомдук укуктук тажрыйба көрсөтөт.
- Кечиресиз, кандай талаптар жөнүндө сөз болуп жатат?
- Өзүңүздөр билесиздер, акыркы жылдары биз “парламенттик демократия курабыз” деп отуруп, бийлик органдары менен партиялык институттар чиелешип биригип кетип, партиялык каызыкчылыктардын үстөмдүгү орун алынышына жол бергенбиз. Парламенттик шайлоолордо элибиз шайлоо укугу болгону менен, тандоо укугунан ажырап калган. Шайлоочулар саясий партияларды шайлап, ал эми депутаттык мандаттарды чындыгында партиялар ич ара бөлүштүрүп калган. Ал эле эмес, партиялардын парламенттеги фракциялары министрликтерди, агенттиктерди, башка кызматтык орундарды “бармак басты, көз кысты” кылып, өз ара макулдашып бөлүп алууга өтүшкөн. Мындай аракеттердин натыйжасында мамлекеттик бийликтин жоопкерчилиги жоголгон. Жогорку Кеңеш болобу же Өкмөт болобу – бири да жоопкерчиликти өзүнө албай калган, бири-бирине шылтап. Президент да өзүнүн ыйгарым укугуна кирбеген маселелерди түздөн-түз чечүүгө өтүп, бийликтин бардык бутактарынын ишине кийлигишип кеткен. Ушундан улам мамлекеттин да, коомдун да алдына эң актуалдуу маселе катары жоопкерчиликтүү бийликти түзүү талабы коюлган. Жаңы Конституциянын өзөгүндө ушул элдик талап жатат.
- Бирок, оппозиция, айрым саясатчыларыбыз 2021-жылы Конституцияны “Садыр Жапаровдун кызыкчылыгында, Садыр Жапаров үчүн жазып беришкен” деп жатышпайбы...
- Мындай сын-пикирдин эч кандай аргументи жок. Себеби Конституция – бул бүткүл элдин катышуусунда кабыл алынган коомдук келишим. Биринчиден, Конституциянын долбоору, анын авторлору ММКда ачык жарыялагандай, бир канча жыл мурун эле даярдалган.
Экинчиден, долбоор жүздөн ашык адам мүчө болгон Конституциялык кеңешмеде ачык түрдө, ошол эле ММКдын катышуусунда жана элдин көз алдында ар тараптуу талкууланган.
Үчүнчүдөн, долбоордун бул кеңешмеде иштелип чыккан варианты Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан тиешелүү фракцияларда, комитеттерде жана жалпы жыйында талкууланып, алардын колдоосун тапты.
Төртүнчүдөн, Конституция бүткүл элдик добуш берүү менен, башкача айтканда, референдумда кабыл алынды. Дегеним, Конституциянын тигил же бул принциби, же болбосо ченеми жакпаса, ар бир жаран анын талкуусуна катышып, өз ойлорун, позицияларын, сунуштарын бергенге дайыма шарт болду да. Конституциялык кеңешме ачык иштеди. Анын кайда, кандай иштеп жатканын, кандай маселелерди талкуулап жатканын телевидение, радио, башка ММКлар күн сайын элге жеткирип турбадыбы. Көпчүлүк саясатчыларыбыз, чынында эле кызыккан инсандар кеңешмеге келип, өз сунуштарын айтып, аларды далилдеп, коргоп кетишти. Ошондуктан долбоордун алгачкы варианты аягында бир топ өзгөрдү. Ушулардын баарын көрүп, билип туруп, анан кантип “бул Конституция Садыр Жапаров үчүн гана жазылды” деп айта алабыз?
- Садыр Жапаровдун өзү жаңы Конституцияны кабыл алуудагы позициясы кандай болду эле?
- Садыр Нургожоевич бир позицияны карманып келет. Аны ачык айтып, расмий жарыялаган. Ал “мен жоопкерчиликти өзүмө алам”, “жоопкерчиликтен качпайм” деген. Бул позициясын бүгүн да тастыктап жүрөт.
- Конституциябызга кайрылып келсек. Ал мамлекетке, коомго кандай жакшылыктарды алып келди?
- Позитивдүү таасири албетте зор болду. Биринчиден, Кыргызстанда саясий система өзгөрдү. Анын натыйжасында жоопкерчиликтүү мамлекеттик бийлик түптөлдү. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы күчөтүлдү. Мамлекеттик бийликте да, жергиликтүү өз алдынча башкарууда да партиялык кызыкчылыктардын үстөмдүгү жоюлду.
Экинчиден, мамлекеттин формасы өзгөрдү. Ага байланыштуу президенттик башкаруу системасы жана жоопкерчиликтүү саясий-укуктук режим бекитилди. Мындан ары Президент мамлекет башчысы катары да, аткаруу бийлигинин жетекчиси катары да жоопкерчиликте болот.
Үчүнчүдөн, мамлекеттик аппараттын функциялары так аныкталып, түзүмү кыскарды. Өзүңүздөр көргөндөй, Жогорку Кеңештин депутаттык курамы кыскартылды. Президенттин администрациясы менен өкмөттүн аппараты бирикти. Бир катар министрликтер, административдик ведомстволор кыскартылды. Президенттин, өкмөттүн жана парламенттин иш башкармалыктары бириктирилди. Натыйжада чиновниктердин жалпы саны кыскарды.
Төртүнчүдөн, шайлоо системасы өзгөрдү. Жарандарыбыз шайлоо укугу менен бирге, тандоого укугуна ээ болушту. Бир мандаттуу жана партиялык-преференциалдык шайлоо системасы иштеп баштады.
Бешинчиден, коомдук институттардын макамы жогорулады. Элибиз үчүн салттуу болуп келген курултай институту жогорку коомдук органга айланды. Мындан сырткары, коомдун руханий-маданий турмушуна, моралдык жана адепахлактык баалуулуктарына, үрп-адаттар менен салттарга байланыштуу мамлекеттин милдеттери бекитилди. Бул багытта мамлекеттик катчы институту да киргизилип, учурда алгылыктуу иштерди жасап жатат.
Албетте, булардын баары Конституциябыз элдик бийликтин үстөмдүгүн орноткондугун айгинелейт. Демек, Конституция өлкөбүздүн демократиялык өнүгүүсүнүн жаңы барагын ачты десек болот.
Булак: “Майдан.kg” гезити