Печать
Категория: Коом
Просмотров: 1218

"Ташиев өз позициясында катуу турду. Бирок ушундай чоң коррупциялык иштерге аралашкан адамды тергөө абагында бир күн да кармабай чыгарып жиберишти", - дейт экс-депутат Жылдыз Жолдошова. Ал бул тууралуу "Азаттыкка" айткан.

"Ширшов чынында эле абдан акылдуу жана куу инсан экен. Энергетика тармагында абдан чоң коррупциялык схеманы түзүү менен чектелбей, ар бир келген президенттин тилин тапкан. Мени ушул нерсе таң калтырат. Ал бир эле президенттердин эле эмес, алардын балдарынын дагы тилин табат экен. Экинчиден, убагында Ширшовдун схемасын түзүүгө көмөктөшкөн, ошол схемада иштеген энергетика тармагына "дүңүнөн" келишти. Кандай жол менен кантип келишкени чоң суроо. Кечээги окуя Батукаевдин окуясынан дагы жаман болду десем жаңылышпасам керек. Анткени УКМК жетекчиси Камчыбек Ташиев Алексей Ширшовду камады. Менин билишимче, Ташиев азыр башка өлкөдө жүрөт. Ал өзүнүн позициясына катуу турду. Бирок ушундай чоң коррупциялык иштерге аралашкан адамды тергөө абагына бир күн дагы кармабай чыгарып жиберишти. Мына ушуну ким жасап жатат? Бизде Конституциянын гаранты Садыр Жапаров "бардык нерсеге мен өзүм жооп берем" деп жатат. Анда Садыр Жапаров ушул маселеге көңүл бурушу керек. Бул окуя азыркы бийликтин тагдырына балта чапчу жагдай болуп калды. Бул окуяда Камчыбек Ташиевдин эл алдында жүзү жарык экенин мен ачык айта алам", - деген Жылдыз Жолдошова.