Печать
Категория: Коом
Просмотров: 354

- Албетте, Ширшовдун жана башка буга чейинки бир топ чоң атка минерлердин кармалышы ажобуздун коррупция менен күрөшүүнү ара жолдо таштап койбой, коомду, бийликти толук кандуу тазалоого эрки жетет деп ишенүүгө үмүт жаратууда. Негизги маселе козголгон иштер аягына чыгып, ууру-кескилер сот жообуна тартылабы же мурдагыдай эле жең ичинен сүйлөшүп, кутулуп кетишеби? Акыркы учурда Президенттин тегерегинде да өлкөдөгү белгилүү коррупционерлердин жогорку деңгээлдеги кызматтарды ээлеп, өз табакташтарын ар кандай майлуу кызматтарга дайындашып, мурдагыдай эле коррупциялык схемалар менен “ийгиликтүү” иштеп жатышкандыктары жөнүндө күбүр-шыбырлар көбөйдү. Элибизде “калк айтса, калп айтпайт” деген накыл сөз бар. Ажобуз, кеч болуп кала электе, айланасына сын көз караш менен көз салып, чара көрүшү зарыл. Ажобуздун коррупцияны жоготууга, экономиканы көтөрүүгө, элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга, дегеле, өлкөбүздү гүлдөп, өскөн мамлекетке айландырууга багытталган иш аракеттерине кедергиси тийбесе экен дейм. Ажообуз Исхак Раззаковдун “сен таза болсоң, мен таза болсом,коом да таза болот” деген сөзүн көп айтып жүрөт. Абдан туура! Бирок таза ажонун тегерегиндегилер да таза болсо, мамлекетибиз гүлдөп-өсөт!  

Булак: “Майдан. kg” гезити