Печать
Категория: Коом
Просмотров: 347

Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун директору, Улуттук илимдер академиясын академиги Жамин Акималиев Алексей Ширшовдун кармалышы боюнча пикирин билдирди:

- Ширшовдун кармалышы жалпы коомчулук үчүн аябай чоң жаңылык. Эгерде бул чындык болуп, Ширшовго чырмалган коркунучтуу коррупция боюнча ыкчам иликтөөлөр жүргүзүлүп, алар тез арада сотко өткөрүлсө, анда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев чындыгында эле "жети баштуу желмогуз" делген жемкорчулук менен айоосуз күрөштү аягына чейин чыгарат деп үмүттөнсөк болот. Кеп жалгыз эле Ширшовдо эмес, анын айланасындагы Бакиев учурунан баштап ушул мезгилге чейин жогорку кызматтарда иштеген жана азыр да иштеп келе жаткан кызматкерлерде дагы болууда. Демек, ушундай ондогон-жүздөгөн шылуундарды колго түшүрүп, алардын чыныгы жүзүн элге ачып, жегендерин кустуртуп, анан тийиштүү кылмыш жазасына тартсак, анда жалпы элибиз азыркы бийликти артараптан колдойт. Бирок бул оңой-олтоң күрөш болбойт. Ал үчүн саясий эрк жана кажыбас чечкиндүүлүк керек. Мындай сапаттар Президент Садыр Жапаровда бар деп мен толугу менен ишенем!